канык1

китептерде 29 жолу, 6 китепте канык 2 →
  1. Иштин жөнүн, негизин терең билген, каныккан, тажрыйбалуу, такшалган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аар салып, / Жигиттер барып ат алып, / Алдыга асыл салышты, / Чай-тамагын көтөрүп, / Алып келе калышып, / Куйрук койуп, май койуп, / Куймак койуп, бал койуп, / Канык кара чай койуп, / Бар тапканын тажиктер, / Көкбөрүгө жай койуп, / Тайар болуп желдеттер, / Кызмат кылып калыптыр, / Көкбөрүгө көрүшүп, / Каракөз, Тете, Салаала… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимди бир карап, / Келе жаткан керемет - / Баарын көрдү Калыбек, / Бүдөмүк эмес элестеп, / Анык көрдү Калыбек, / Шери менен ажыдаар, / Канык көрдү Калыбек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чогултуп туруп жутам деп, / Айбаа келет калдактап, / Эки чоро алдында, / Качып келет далдактап, / Канык баатыр Керкөкүл, / Тура калды жол сактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндөн кеп угуп, / Канык болуп акылга, / Жана келсе айылга, / Эминеге келди? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Канчоро барбы үйдө — деп, / Канык кабар, угуп кел! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →