канда

китептерде 22 жолу, 7 китепте
  1. Бир жерин канатуу, кан чыгара коюп жиберүү, уруу.
  2. Жоокерчиликтеги эски адат боюнча биринчи өлтүрүлгөн душмандын же атайылап союлган малдын канына жоо куралдарын же тууну малып, кан жугузуу, канга боёо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…анастап баатыр бакырды, / Өрттөй көзү кызарып, / Өрдөктөй мойну узарып, / Оозунан тутун буу жанып, / Муштап өттү Калдаңды, / Жаба койуп түпөккө, / Найзанын учу кандалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир атадан эки уул, / Бирин-бири өлтүрүп, / Туу кандаптыр бир чакта, / Ошол кебин унутпай, / Айтылып келет бул чакта: / «Учу бирге жазылат, / Түбү бирге кошулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кайнап жаткан какандын, / Кара башын нан кылып, / Аралап кетип баратат, / Алдына утур келгендин, / Жалмап кетип баратат, / Калың жерин суйултуп, / Жандап кетип баратат, / Кызыл канды жайнатып, / Кандап кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баарың болгун саламат, / Балага Кыйаз аманат, / Кандабаса атасын, / Балага калат жаман ат! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эрди, балам көрбөдүң, / Эрегишип эр сайып, / Эр согушун көрбөдүң, / Кармашып кандап, жоо сайып, / Кармашы чоң көрбөдүң, / Элөөрүп барсаң тил албай, / Эми эле кордук көрөсүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →