камыр1
- Нан, кесме ж.б. тамактарды даярдоо үчүн ундан жуурулган коюу масса.
- Тамакка (мис. этке) кошулган кесме же жукалап жайылган күлчө.
- Даны ката элек, быша элек деген мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мүргүбөгөн чоң болуп, / Жан жагына карады, / Көлөкөсү чоңураак, / Бир дарактын карааны, / Кармады чочко сабынан, / Сууруп алды чынарды, / Кыл суургандай камырдан, / Манас деген кепти угуп, / Ачууланып абыдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кармаганы камырдай, / Качырганы арстандай, / Теңөөсү жок эр деген, / Өлтүрөт десе баарысын, / Өсөмгө кандай барамын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Топтоголок камырды, / Топ табакка толтурган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ары жактан камырабай келсем да бул жерде шашып калдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →