камын

китептерде 425 жолу, 10 китепте
  1. Даярдануу, даярдык көрүү, беленденүү, камдануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак карасын сындабай, / Кепти абдан сурабай, / Акимдик кылып Курчун хан, / Чаңбейсенге барыптыр, / Кара сакал хан Жанай, / Мындан кабар алыптыр, / Камынып тосуп Курчунду, / Алдынан тосо барыптыр, / Болгон ишти катырбай, / Жанай кепти салыптыр, / Эл башкарган Курчун хан, / Уйалгансып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айткан кепке болбосоң, / Арманың ичте калбасын, / Айанбастан камдангын, / Камың бүтүн болгончо, / Камаарабай мен бармын, / Кагышар болсоң бел байлап, / Аркаңда аскер жардасын, / Ачакан менен Саламат, / Ажырап андан сен калдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лакет ага жетпесин; / Азыркысын Алмамбет, / Айтканың кылып турайын, / Кызматтан мойнун бурбайын”- / Өзү менен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калкың кабар албайбы, / Камын кылып турбайбы, / Же сайдырып жоголбой, / Же биз сайып жоготпой, / Качып барсак калдаңдап, / Бул барса кууп дардаңдап, / Атагы кыргыз ак калпак, / Тааланга кетип калбайбы?- / Деп, Гүлчоро болбоду, / Айтканын акыл ырас, деп, / Семетей менен Кара дөө, / Гүлчорого жол койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир жумадан бери камынып жаткам. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →