камык

китептерде 26 жолу, 8 китепте
  1. Ысыкта, үп болуп турганда, чарчап. чаалыкканда катуу тердөө, ысылап кыйналуу.
  2. өт. Капалануу, кайгыга түшүү, санаа тартып, муңкануу, жапа чегүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ду беттеди, / Тоодой болгон Саламат, / Кесилетти чиктеди, / Бактыбайды байкасаң, / Эки көзүн айырбай, / Ачаканды тиктеди, / Кең кула менен Кененим, / Капаланып камыгып, / Көзүнөн чыккан жалыны, / Туулгага жабылып, / Коросондун колуна, / Аралап кирди чамынып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Найзаны жерге мылгы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кылар ишин болжолдоп, / Ал Манастын тобуна, / Качырып кайра жетерде, / Хан Семетей баатырды, / Капталга койуп кетерде, / Кайгырбай да камыкпай, / Карап турат Семетей, / Калт этип коркуп элебей, / Көкжал туулган түгөнгүр, / Көрүнөө келген ажалды, / Бучкагына теңебей! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өкүнчү батпай ичине, / Өлгөндү алып эсине, / Каары келип камыгып, / Бар жарагын жам кылып, / Калтырбай алып ат минип, / Кабаттап темир тон кийип, / Бастырып жөнөй берерде, / Манжулардын Ботогой, / Ал Ойротко жол койбой, / Ач… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →