камчы

китептерде 384 жолу, 10 китепте
  1. Атты же башка унааны, малды чабууга, айдоого ылайыкталып, өрүлгөн жана сапталган кайыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Йобалыны хан Калдык: / — Барбай койсоң коркту дейт, / Жекеге чыксаң азыр бол, / Жалгызектин Бактыбай, / Жандан тойгон эсир кул, / Алың келбей баратсаң, / Камчы булгап белги бер, / Беттеше барып баарыбыз, / Түгөтө кырып кетели, / Кыргыз деген журутту, / Түбү душман бурутту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ар жактакы элдерден, / Сыйкырдуу дуба билгенден, / Булутту кармап асмандан, / Ат ордуна мингенден, / Ортонуна жыланды, / Камчы кылып илгенден, / Жетимиш киши жабырап, / Колу- бутун баатырдын, / Байлайбыз деп бастырбай, / Түркүн-түркүн дубасын, / Түрмөгү менен салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир аяк жарма жутам деп, Чоңколдун камчысын жегидей алым жок,— деп жооп берди берки. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →