камты

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Бир нерсени чогулта, бириктире кармоо.
  2. Өз ичине алуу, чогуу ала кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түктүүкурттун белинен, / Камтый кармап алганы, / Айкөл Манас колдо деп, / Айкырыкты салганы, / Түктүүкуртту алп Бозой / Так көтөрүп алганы, / Ажалы жетип Куларык, / Карап турган убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ойунда Отор ушундай: / “Каржиликтен кажасам, / Карчытына катыра, / Камтый белден кармасам, / Элетпей туруп бурутту, / Как дөбөгө барбасам, / Капташтырып корумга, / Чалкасынан салбасам, / Амалы кетет абыдан, / Кылычтап башын албасам, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Көңүлү мага тийди, — деп / Менин эрдигимди билди, — деп / Кишинин баарын камтыган, / Айтканын көрчү кебин” деп / Ачууланып куткарбас: / — Ой, Тапан хан бери бас, / Оң тескери сүйлөнбөй, / Акыл ойлоп кебиңди айт! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ “Гүлчоро кылган иши — деп, / Билип калсын абам — деп, / Камтый кармап беш-алтоон, / Сууга салып жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Арып чарчап келген кишилер, келер менен ары-бери камтып, бирдеме ууртамыш болдук да жата кеттик... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →