камкор

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Кам көргөн, камбыл, сарамжалдуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…деп, / Черүүсү көп кара курт, / Какандагы кытай, деп, / Айдаркандын Көкчөгө, / Жети ханды чакырып, / Алып келиштин алдында, / Кабар кылып угузган, / Кабары бар камкордун, / Пендеге болду жумуштан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каарданган канкору, / Кара кыргыз камкору. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жарашсам да жоолашсам, / Жанбай барып көрөйүн, / Жамандашып калганда, / Кантип тирүү койойун, / Куруу оорак камкорду, / Аман койбой сойойун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эгер силер элдин чын камкору болсоңор, калыстыгыңар кайда? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бирок кебетесине караганда жаңкы неме бизге жаны ачып, бир жерге чогултуп акыл-насаат айтып, түшүндүрүп биздей шордууларды коркунучтан коргоп турган бир камкорчу болуп жаткандай көрүндү! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →