камка

китептерде 8 жолу, 2 китепте
  1. Алтын же күмүш жип аралаштырылып согулган бышык жибек кездеме. Кээде ошол кездемеден тигилген кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таласка көчүп барыңар, / Жайыктан конуш алыңар, / Камкалуу жерди талашып, / Калба кылып калбаңар, / Жайылмага Жамгырчы, / Кеңтескейге Текечи, / Жакакташка Жакып хан, / Кеңартууга Шыгай хан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кызылдан жапты камканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Камка тондун тышымын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Камкам менен Замзамды, / Иштетиптир пайгамбар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Каракан кызы Каныкей, / Катындан чыккан уз эле, / Камка тондун тышы эле, / Ак калпак элге эне эле, / Ак олпок тонго жең эле, / Түркүктөй элге бел эле, / Акылдын чыккан кени эле, / Сүт урган көркоо Канчоро, / Эмчегин эмген дээр эле, / Кадырын суттун кыларбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →