камдуу
- Камы бар, ар нерсеге кам көргөн, беленденген, даярданган, камкор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Салмоор урчуу камдуулар, / Бойу узун шаңдуулар, / Азоого чалма урчуулар, / Куш кармоочу торчулар, / Дайар болгун барыңар, / Баарың амал кылыңар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алтымыш миң камдуу аскер, / Санаты жок кара аскер, / Алты баатыр эки күн, / Айанбастан чардашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андан кала бергенде, / Алдуусу бар алсыз бар, / Камдуусу бар, камсыз бар, / Пулдуусу бар пулсуз бар, / Телегейи тең эмес, / Жетиги бар кеми бар, / Андайларын чогултуп, / Өзү тапкан дүйнөсүн, / Садага кылсак ал кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаңылап найза алганда, / Каарданып чоң Калча, / Кайратына карк болуп, / Бүткөн бойу нымыгып, / Эти араң ысыган, / Сейитиге бет алып, / Камдуу найза өткүр миз, / Муштап өттү сооруга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Камсыз келбей, камдуу кел, / Алда кандай күн болот, / Өзүңө керек буйумуң, / Калтырбай баарын ала кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →