каман

китептерде 101 жолу, 9 китепте
  1. Жапайы чочко.
  2. өт. Зулум, канкор, бирөөгө жакшылык кылбаган кара ниет, кан ичкич.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жабырды Торгой тартыптыр, / Көзүн ачып караса, / Кыйар менен, Чигитей – / Эр беттешип жатыптыр, / Бирөө каман, бирөө шер, / Тең беттешип жатыптыр, / Бири бөйөн, бири чайан – / Заар беттешип жатыптыр, / Токой күйүп тумандап, / Борошолоп жамгыр жаап, / Каар беттешип жаты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кененимден жооп алып, / Калкына келди Талана, / Кара тоодой калдайып, / Барып түштү айлына, / Көк камандай дардайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Деп күүлөнүп күжүлдөп, / Көк камандай күркүрөп, / Айжаңжүндөн кайраты, / Артылып ачуу айбаты, / Алтымыш миң аскерин, / Дүркүрөтүп айдадаы: / Барабан уруп, баң тартып, / Көчөнүн ичин чаң басып, / Олчойуп жөнөп калган кез, / Айжаңжүн кошо аттанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалгызек баатыр бүркүттү, / Үч түлөтүп ал салган, / Азуулуудан жолукса, / Каман, бөрү, түлкү алган, / Кашкулак, карсак, саманчы, / Көргөнүн качан куткарган? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Талкалансам мейли” — деп, / Маңдайлашып калганда, / Баатырларды карасаң, / Беттешип балта кармаган, / Кими каман, кими шер, / Киши билбей таң калган, / Бирөө кары Коңурбай, / Бирөө бала Гүлчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →