камал3
- Чеп, коргон, тосмо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайдакы көп элди, / Кан какшатты деп келди, / Беттешип бенде чыгалбай, / Камалып калды деп келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ханы жок кара букара, / Камалда калган колго окшош, / Эри жок ээн калган журт, / Эс жыйа элек бала окшош.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Атым менен оролуп, / Калыптырмын тордолуп, / Кайнаган аскер, калың кол, / Баштаган Коңур зор болуп, / Турган экен эр жайнап, / Камалып анда калыпмын, / Кайран жанда шор кайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир күн келип Таласка, / Ач көзүн салып алашка, / Камал кылып күн бербей, / Бизди жаман курутту, / Коңурбай кебин жаңыртып, / Жоготом деп бурутту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушул алачыктын ирегесине чейин шыкай камалып, айбандан айырмасы жок, болумсуз өмүр өткөрүп, биз да кыштан чыктык го!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →