кал3
- Өз жайында болуу, бир жакка жөнөп кетпөө.
- Бир нерсенин ашыгы же бирөөгө тийиштүү үлүшү, бөлүгү бүт жок болуп кетпей, артуу, арткан болуу, артык баш болуу.
- Толук бойдон арытылбоо, жоголбоо, жоюлуп кетпөө.
- Жок болуу, жоюлуу.
- Колго алынбоо, аткарылбоо, көздөбөй, карабай, таштап коюу.
- Белгилүү бир абалга дуушар болгондукту, ошондой абалга келгендикти билдирүүдө колдонулат.
- Кандайдыр бир нерседен ажыроо, айрылуу, аны мурдагыдай улантууга, аткарууга мүмкүнчүлүгү болбоо.
- Оюндан, мелдештен утулуу, жеңилүү.
- Элдин эсинде сакталуу, унутулбоо, элге таралуу, өзүнөн кийинкилерге өтүү.
- Кыймыл-аракеттин тез арада болуп өткөнүн же болуп аяктаганын билдирүүчү жардамчы этиш катарында колдонулат.
- Негизги этиштин -ганы формасынан кийин айтылып, кыймыл-аракеттин аякталып бүтө элек, аяктоого жакын абалда турганын көрсөтөт.
- Тангыч формадагы негизги этиштен кийин айтылып, сүйлөөчүнүн оюн бекемдөө, күчөтүү, тактоону билдирет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Асылбача жаш өлүп, / Бул иши мага калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл көрүнбөй калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →