калыс
- Туура сүйлөгөн, чындыкты айткан, баарына тегиз караган адилет.
- Эки тарапка тең кошулбаган, эч бирөөгө тартпай, маселени адилет чечкен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Иран менен Багдаттык, / Көз каранды болуптур, / Жеңилгенге жөлөк деп, / Калыс атка конуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балдарды көрүп кырк жаңжүн, / Адыл кыргыз эли, деп, / Сурагы калыс турбайбы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Колдобой бизди койгону, / Колдобосоң мейли, деп, / Эрегишип сиз менен, / Кырылып кетсек болобу, / Эрегишип кан төкпөй, / Өткөн күндү өчтөбөй, / Бетиңди бур калыска, / Эми бизде дарман жок, / Элчилешип барышка, / Көрүп турат көзүңүз, / Кимиси жарайт намыска?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мында тамакты күчтөтүп ичпесе киши суугуна тегеренип, жыгылып калат,— деген дагы бирөөнүн калыс үнү чыкты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Атайын койгон калыстарын чакыртып, каратып коёт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →