калып

китептерде 1500 жолу, 10 китепте
  1. Нерсенин же буюмдун формасын түшүрүү, формага салып куюу же тигүү үчүн колдонулуучу үлгү, кеп.
  2. Белгилүү бир абал, турган турпат, көрүнүш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак карасын сындабай, / Кепти абдан сурабай, / Акимдик кылып Курчун хан, / Чаңбейсенге барыптыр, / Кара сакал хан Жанай, / Мындан кабар алыптыр, / Камынып тосуп Курчунду, / Алдынан тосо барыптыр, / Болгон ишти катырбай, / Жанай кепти салыптыр, / Эл башкарган Курчун хан, / Уйалгансып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элден чыккан эсир, деп, / Курт-кумурска жесин, деп, / Какшыган чөлдө калыптыр, / Канчоронун бейити. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Туруп калып шылыйып, / Өзүнчө күлүп мылыйып, / Көйнөгүн чечип ыргытып, / Жыпжылаңач бул бетпак, / Жана болду тырмалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →