калча2
- Саканы же бир нече тараптын атынан чыгарылган чүкөлөрдү жерге жая таштап, оюнду ким мурда башташ керек экенин аныктоо, дарттикем оюнунда чүкөлөрдү жая таштап атуу.
- Топ таштын таштарын экчей таштап алуу.
- өт. Бирөөнү убара кылуу, шакаба чегүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шибе менен солонго, / Кара кытай, манжуга, / Айдалып жүрүп моңгулга, / Ата-баба тукум кууп, / Кылып жүргөн калчалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бараң менен Шанхайды, / Жөөт менен тарсаны, / Жуда менен калчаны, / Каракалпак, Кыйваны, / Баарын мындан куткарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кереметтүү зор калча, / Келгенимди билиптир, / Кетеримди билиптир, / Шамдай болгон кырк бала, / Жол тостуруп койуптур, / Маңдай-тескей карашып, / Булар көчө болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Музой Калча жаш эле, / Кырк үйлүү ошол Калчанын, / Баарысына баш эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алп Коңурбай зор калча, / Бастырды өзү жайма-жай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →