калет
- Ката, жаңылыштык, туура эместик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Атаңа кылар ишиңди, / Агаң Манас аткарды, / Агаңа кызмат кыларга, / Бокмурун, сенден башка жан барбы?- / Каныштан угуп Бокмурун, / Ойкуштап өскөн кургуруң: / — Калети жок, чын кебиң, / Минтип кыйноо тартпастан, / Мурда не кабар бербедиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каңгайлардын молдосу, / Баш койгон элдин кожосу, / Айтканы калет болбогон, / Азезил болгон жолдошу, / Ыраңкүдүк молдосу, / Күдүктүн уул Жөргөлөк, / Өткөн жылы жайында, / үйүмө конгон жөргөлөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жол маанисин менден ук, / Менден уксаң, бейлеп ук, / Калет келсе кантейин, / Атаңдын көрү дүйнө бок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →