калар
- диал. Келемиш чычкан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бузулса кокус биз үчүн, / Бул кыргыз мууну бошоочу, / Кубат кыла каларбыз, / Кошула келген ошону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күчтүү тийген бул найза, / Колундакы кылычы, / Ыргып кетти капкайда, / Калдагай кулак Чойун алп, / Чокмор алар колу жок, / Өлбөй калар жолу жок, / Манастын уулу каракөк, / Өтө баатыр колу шок, / Көкжалдык эмей неткени, / Көзүрсүнгөн калмакты, / Көмө койуп өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…сунуп тизгинге, / Бура тартып бир эле, / Буйдалбай Ажым муну айтат: / — Борбордо Манас эрен бар, / Болжогон күн белгим бар, / Болжолдон өтүп кеткенде, / Болбой калар жерим бар, / Хан чакыраар жумуш бар, / Кайдан конуп туруш бар, / — Андай болсо, Ажыке, / Узун кулак эр элең, / Укмуштуурак неме элең, / Уктуң беле Бейжинди, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таласка кбар кылайын, / Айчүрөк, Гүлүс угаар, — деп, / Амалын мунун кылар, — деп, / Каныкей, Бакай угаар, — деп, / Кандайда болсо түйүнүн, / Карылар чечип чыгаар, — деп, / Шер Сейтек келер, — деп, / Баласын көрсө абакем, / Кетпей калар бекем?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кайгы жеп турат баарысы, / “Найзасына капырдын, / Илинип калар бекен” — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →