калак1
- Бир нерсе сузуп алууга ылайыктап, кичинекей күрөк түрүндө жасалган үй буюму.
- Дары сыяктуу нерселерди өлчөп алуу үчүн колдонулуучу кашык сыяктуу кичине курал.
- Сууну шилеп, кайык айдоо үчүн колдонулуучу, баш жагы жалпак, сабы жумуру келген курал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күрөөкөнүн этегин, / Түрө тийген куу найза, / Жамбаштын калак башынан, / Жандай учу жетиптир, / Найзанын учу кылт этип, / Аралап бөйрөк кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жез кемпир сокусун кайык кылып минип, сок-билегин калак кылып деңизден сүзүп жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →