калай

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Күмүш түстүү, жумшак ак металл.
  2. Ушундай темирден жасалган идиш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кошойдун адам, төөлөрү, / Темир ташып, кил ташып, / Алтын ташып, мис ташып, / Калай ташып, жез ташып, / Жер көмүр ташып, турп ташып, / Толук бир жыл иштеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каалганын барысы, / Чыгач эмес калайдан, / Уруксат болбой улуктан, / Кире албайт ага эч бир жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Арстандын көзү жогунда, / Чамгарагы чылк калай, / Санжыргасы бир далай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жайдак болбой бардык нар, / Төө жабуу салып комдонсун, / Самсаалатып чачысын, / Четине жибек тор болсун, / Буйласы калай, жез чынжыр, / Кем-керчиси болбосун, / Үчтөн төөгө бирден тың, / Жүк артарга уул болсун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— Сага кожайының калай карайды? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →