калаа1

китептерде 103 жолу, 10 китепте
  1. Өнөр жай, соода сатык мекемелери бар калк көп топтолгон ири пункт, шаар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Батыш менен чыгыштын, / Баары душман кыргызга, / Ооган менен индиден, / Андан кабар сурайбыз, / Алыбыз келбей баратса, / Кытай кылбайт жардамды, / Беш Бейжиндин калаасын, / Тартып алган Коңурбай, / Себеби менен Манастын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Коросондун калаасын, / Койбой баарын аралап, / Табалбады Кененим, / Туш- тушка киши чаптырып, / Дабытайды ким тапса, / Баашалыгым берем деп, / Тактайга катты жаздырып, / Такыр дайнын таппады, / Дабытайдын жээн-тайын, / Жеп жоготту бүт баарын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
келгиле, / Кетели бирге жүргүлө, - / Айтканга тили келбеди, / “Лала, лала” дегенин, / Жүрүгүлө дегемин, / Жүрүп кете бергемин, / Алты күн жүрүп арада, / Туңша калаа бергемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жазгы келген келгиндей, / Коргонду көздөй күйүлүп / Канчоро менен хан Кыйаз, / Кара шаар калаасын, / Калдайтып басып өттү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ал убакта байлар, соодагерлер калааны кан сасытып, бирөөнүн тегин эмгегинен чардап жатканда биз өңдөгөн томаяктар жалгыз эчкини аркандап коюп, көк кылаңгыр сүт ичип отурчубуз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →