какыр1

китептерде 47 жолу, 9 китепте какыр 2 →
  1. Суу чыкпаган какшыма, таштак, чөлдүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кээде какыр чөл басып, / Кээде Ала Тоо басып, / Кээде кыйма таш басып, / Кээде татаал бел ашып, / Ар сонунга кез болду, / Бет алган жакка баратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Саз чылпылдап суу чыгып, / Какырдар арык коо чыгып, / Эки күнү -эки түн, / Эрикпестен күрөштү, / Эгем өзү билбесе, / Эми кандай болушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Буттары казып жер жыртып, / Какырлуу жерлер коо болду, / Тополуу жерлер ор болду, / Чымдуу жерге былкылдап, / Чылпылдаган суу толду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лмогуз / Чойтолоң менен Тазкара, / Келипсиң кастап эр болуп, / Бөлүнүп менден кеткенде, / Бекер өлүп кетпесин, / Кара жерге тең болуп, / Каны суудай акпасын, / Какырды бойоп сел болуп, / Кармабай колу шал болуп, / Кыймылдарга чама жок, / Кара бойу дал болуп, / Бүткөн бойу тер басып, / Жарык күнү түн болуп, / Көрө албай көзүн … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Баш байгеси миң болгон, / Баары жылкы бар болгон, / Окшош жашы, өңү окшош, / Кай экени билинбейт, / Карап көрсөң баары окшош, / Оонабасы жүз болду, / Ат чапкан жер баатырдын, / Канчоро жалгыз бейиттин, / Куу какыры түз болду, / Той тартуусу коноктун, / Күндөн-күнгө күч болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →