какшык
- Шылдыңдоо, келеке кылуу, сөз менен чымчылоо максатында жылдырып айтылган мактоо, кекээр сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Эрчиген эки түн болду, / Аттанаар болсоң аның айт, / Узатып сизди койолу, / Турар болсоң мунуң айт, / Көөнүбүз өсүп тололу, / Туруп калсаң баатырым, / Жала какшык айтпайбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кортоңдогон Тапан хан, / Оң-тескери кумтунуп, / Чолтоңдогон Тапан хан, / Шум канчыктан кеп угуп, / Көбү какшык, азы акыл / Айабаган жеме угуп, / Жетик акыл айтты, деп / Эл бузулуп кете алгыс, / Мен айланы таптым, деп / Желдеттерин шаштырып, / Чойтолоңду чакыр, деп / Жел…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Беттешип калсам бир күнү, / Какшык кеби урулат, / Таарынчы сөзүна кылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Какшык кылып кеп айтты, / Каныкей атым”, — деп айтты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мында ар кайдан жыйнап келип салган он чакты кишиден башка Солтонун бир тууган инилери Айылчы, Көчкүн, Муканбет дегендер бар, Көчкүндөн улуу, бирок андан бою жапалдаш, былчыйган, жалпак мурун, боз бучук бала, кишиге сүйлөсө дайым какшык менен келет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →