какшы
- Суусу жок кагырап калуу.
- Нымы калбай кургоо, кургап, куурап калуу, какжыроо.
- Отко какталып, ысып кетүү.
- өт. Таптакыр түгөнүү, жок болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элден чыккан эсир, деп, / Курт-кумурска жесин, деп, / Какшыган чөлдө калыптыр, / Канчоронун бейити.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Какшымак элек соолуп, деп, / Жер-сууңду соруп, деп, / Дүрүлдөп чалкый бергин, — деп, / Көлгө айтканы дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оркондун кызыл суусуна, / Келип Алмаң караса, / Өзү көргөн өгүнкү, / Өөрчүп жаткан чоң дайра, / Какшып соолуп калыптыр, / Сай төбүндө кылдырап, / Көк кашка суусу агыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Беш ата болуп кетиптир, / Какшыгандын түбүнө, / Такыр кыргыз жетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арстандардан ажырап, / Калама арык кулады, / Суу акпай какшып куурады!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →