какчай

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Эти качып, өтө арык кебетеде болуу, каржаюу.
  2. Былкылдабай какыйып туруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түгөнүп эли азайса, / Бели сынат Бекбача, / Көрбөсөм да билемин, / Котендеги Козубек, / Азыктагы Алабек, / Жеркендеги Малабек - / Баары кары какчайган, / Сакалы аппак саксайган, / Жамандык келбейт колунан, / Байкап көрсөк алардан, / Ысыккөлдөн Медербек, / Анда турат далай кеп; / Казактардын Курмушу, / Алматын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алдымда менде өбөк жок, / Аркамда караар жөлөк жок, / Карыганда какчайып, / Талаада калган бир жанмын, / Учураган кишиге, / Арманым айтып зарлаймын, / Шапкат кылып ала кет, / Оор көрүп ала кетпесең, / Ырыскы мага бере кет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кемпири жүрөт какчайып, / Абышка жүрөт саксайып, / Мырзалар жүрөт керилип, / Келиндер кетип баратат, / Кеп сүйлөөдөн эринип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →