какта
- Кургатуу, жылытуу же бышыруу үчүн отко же күнгө тосуп, ысык өткөрүү.
- Саан малдарды сүтү чыкпай калганча саап алуу же аябай соруп эмүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бүтпөй ишиң калгансып, / Хан Чиктейге катыштың, / Канча жылы атыштың, / Бутуң сынып калганда, / Ичериңе аш таппай, / Жатарыңа мааналап, / Жаан тийбес жар таппай, / Карагайдын түбүндө, / Какталып күнгө жатыпсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— деп, / Өзүмдү орго салат, — деп, / Өзөгүмдөн жарат” — деп, / Белги берди Коңурбай: / — Көп черүүнү каптап — деп, / Өзү келген буруттун, / Боорун отко какта!-деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оң айланып сол болуп, / Ойлогону бул болуп, / Сырты калың өткүр миз, / Сомдоп соккон ай балта, / Балтаны алып кемерден: / “Чаптырбай койсоң билбейим, / Чаптырып салсаң, Кутургур, / Кара жерге киргизем, / Кактабай каның ичпесем, / Соогага алып сур атты, / Сейитекке жетпесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шиш кебек кылып эт кактап, / Айабай чороң тойду эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошол замат терисин сыйрып, бир чоң чийдин түбүнө от коюп, күлгө будалап кактап жибердим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →