каккы
- Бирөөгө карата айтылган кагуу, катуу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылычташкан кармашта, / Кылчайары калбаган: / Кара чоктуу калмактан, / Кансырап өлгөн далай жан, / Канжарлашкан майданда, / Кайаша айтар калбаган, / Каккылашып күнү-түн, / Кармашып эч ким албаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…а найза мылк этип, / Тоо томорчуу куткарбас, / Томолонду шылк этип, / Чыпалактай кара кан, / Жерге түштү шыр этип, / Телкүрөң оозун тарткыча, / Шайтанын койбой каккыча, / Кумсар сыйкыр, шум канчык, / Экөө эки кош болуп, / Алып кетти шып этип, / Сасык туман каптады, / Аламандап ат койуп, / Куткарбастын аскери, / Куйулуп кумдай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ажыбайдан каккы жеп, / Акун хан башы тел болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →