какжай
- Каржайган арык кебетеде болуу, өтө арык көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чынгыш менен көрүшүп, / Калжыңдашып күлүшүп, / Какжайышып олтурду, / Ичтеги кебин төгүшүп: / — Айтумуш хан, келипсиз, / Бар беле зарыл ишиңиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каныкейди какжайтып, / Торпок багар кылайын, / Эмизип ийсе торпокту, / Сабатып күндө турайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Какжайган сөөгүн кажыр жеп, / Кажырдын богу болгондур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…н көп, / Түк бүткөндөн бер жакка, / Дык тийбеген денеге, / Саксайганы андан көп, / Кере сакал, аргын жүн, / Бакжайганы андан көп, / Өрттөнгөн токой кептенип, / Какжайганы андан көп, / Адам билгиз арпы көп, / Арбаңдаган алпы көп, / Аттанып чыкты нечен сан, / Айтып болгус салты көп, / Апкаарып койбойт Сомбилек, / Атасын тарткан та…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →