какай2

китептерде 11 жолу, 6 китепте какай 1 →
  1. Доңуз, чочко.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Какайганга какай, — дейт, / Төбөң көккө жеткинче, / Ал падышанын уулу эмес», / Карылар айткан ушул кеп, / Оңой-олтоң кеп эмес, / Жашырбасаң сырыңды, / Жалганы жок чыныңды, / Мадыбек менен Чигитей, / Кек алчуунун бири эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…туп олтуруп, / Кыргыздын угуп кабарын, / Улутунуп үшкүрүп, / Семетей атын укканда, / Ичинен жалын от күйүп, / Жеткен экен кыргыз, деп, / Тирүүлүктөн түңүлүп, / Какайып турган кайран бел, / Кайгыдан сынып бүгүлүп, / Өткөн күнүн ойлонуп: / “Чыгыштын деңиз бойунда, / Жалбырактай ыргалып, / Жүйрүн дөө менен жүргөндө, / Эркин ойно… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Каны тартып Суктанмаң, / Өзү келген алыстан, / Кыйшайбастан эр Сейит, / Карап турат какайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Какайып атка чалкалап, / Кайда калың топ болсо, / Качырып аны талкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Найзасын кармап какайып, / Ак мейкин зоого такалып, / Өткөндөрүн эске алып, / Кеңкейген тоого кеп салып: / — Керилип жаткан кенен тоо, / Тогуз айдан көбүрөөк, / Кобо албай жаттым Сомбилек, / Заңкайып турган сен болдуң, / Санаадан өңүм сары жез, / Саргарып жаткан мен болдум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →