кака
- Тамак-аш жегенде, тамак-аш алкымдан ары шар өтүп кетпей токтоп калуу, кептелип калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түбөгүнөн такалды, / Өтпөй найза какады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…гөн Ачакан, / Күүлөп найза сундуруп, / Кененимге урганы, / Кенебей да, кебелбей, / Шер Кененим турганы, / Ачакандын найзасы, / Түпөгүнөн такалды, / Өтпөй найза какады, / Олпокко салган булага, / Оролду найза темири, / Кайраттанып Ачакан, / Кайра тартып алалбай, / Кабыргасы маталды, / Найзадан тойуп Ачакан, / Кененимди таштад…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жер астына чуу салып, / Келген Төштүк ушул деп, / Жүрөк канын мен ичип, / Буруттардан алам кек, / Келгенин көрчү бу жерге, / Какаңчынды алам деп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түпөктөн найза какалды, / Андан ары баралбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Өтпөй найза какады, / Түпөгүнөн такалды, / Ачууланып Сомбилек, / Ого бетер каарданды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →