кайын
- Кайны, аялдын күйөө тарабындагы, күйөөнүн аял тарабындагы ата-энеси, ага-туугандары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көөнү ачылып кыз бала, / Кайын ата, кайнене, / Жупташына жаркылдап, / Күлгөн бойдон баруучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кимди таанып, ким билет, / Ошолордун ичинде, / Чоңураагы экенсиң, / Ой, кайын иним, сен анда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ойтолоң берип буйрукту, / Майданга аскер сап болду, / Өйүз-бүйүз эки кол, / Талаанын бетин жык толду, / Андайды мурун көрбөгөн, / Ал жергеди элдерге, / Кыйамат кайын нак болду, / Бала баатыр Сейитке, / Бул канчалык иш болду, / Талаанын бетин чаңдатып, / Тарамышын чыйратып, / Караганды таңдантып, / Калың элди даңдантып, / Ба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Андан бетер Айчүрөк: / — Кайын атам Айкөлдүн, / Айаш атам Алмамбет, / Арбагың эбеп-жөлөр, деп, / Буда ыйлап мелтиреп, / Жал-жал карап турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Каардуу кайын ата каарданып колун сунду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →