кайчы

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Бири-бирине кайчылашкан эки жаагы менен бир нерсе кесүү, кыркуу үчүн колдонула турган үй буюму, курал.
  2. Бирине бири туура келбеген, окшоштугу, жалпылыгы жок, эки башка.
  3. Каршы-терши, бирине экинчиси кайчылашкан абалда.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайчы кулак каман алп, / Жез киндиктүү кикимат, / Темир тондуу шалкымат, / Манжудан чыккан канча алп, / Калтырбай баарын соргону, / Күн чыгыш эмес күн батыш, / Жети … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ай дегенде, / Турду Бакай ордунан, / Кармай алып колунан, / Тунук сөз чыгат оозунан, / Алтынга башын бөгөгөн, / Айагын датка жөлөгөн, / Караңгыда жол тапкан, / Кайчылыкта эп тапкан, / Туйуктарда жол тапкан, / Түртүшкөндө кеп тапкан, / Аксакалың жайкаган, / Аселдеп оозун чайкаган: / — Ай, ай, досум, тура тур, / Менин сөзүм уга ту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайчы кулак кыйчалыш, / Алдыда келет Гүлчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Балапан жерге жеткени, / Бир канаты, бир колу, / Кайчы сынып кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мына мында биздин багыбызга кайчы келгендей апсыйып, четтен келген дагы бир-эки немелер отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →