кайта
- Кайра, кайра баштан, кайрадан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шаңкайдын малын берсин, деп, / Саламат менен Ачакан, / Катары менен өлдү деп, / Буларды кайта жумшайын, / Жакшы кепке келишсе, / Жаңжалдашып жүрбөйүн, / Дабытай менен салышып, / Калдаңдашып жүрбөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Деп өкүнүп бир далай, / Жол аруусун билгени, / Жолуна Алмаң киргени, / Кайта келип Алмамбет, / Жараганы керекке, / Алдындагы Сарала, / Аса байлап терекке, / Башына мамык жастанып, / Жатып калды жай алып, / Муну мындай таштайлы, / Коңурбайдын сыйкырлуу, / Кароолунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айаш атам Момунжан, / Кашкардагы Токто сарт, / Чүрөк жеңем келтирди, / Бириңдин жараң бүтүрдү, / Бириңди бойго жеткизди, / Айла менен амалдап, / Таласка кайта келтирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошо менен макул болуп шаарга кетип, айтканындай тогуз айда кайта келип досуна учурайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →