кайт1

китептерде 364 жолу, 10 китепте
  1. Келген жагына кайра жөнөп кетүү.
  2. Жумшалган, сарп кылынган нерсенин (эмгектин, мээнеттин ж.б.) үзүрү көрүнүп, ийгилиги болуу, пайда чыгуу.
  3. Адепки абалынан төмөндөп кетүү, басаңдай түшүү, мурдагысындай болбоо.
  4. Айткан, деген сөзүнөн, берген убадасынан жануу, баш тартуу, сөзүндө, убадасында турбоо, айтканын кайра алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жашырбай кебиң, айтып кет, / Өз элиңе кайтып кет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каңгайдан келген калмакты, / Кайт десеңер болбойбу, / Арзың болсо ичиңде, / Айт десеңер болбойбу! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көөн ооруңдун баарын айт, / Жик-жигинен айрып айт, / Болгон иштин дайнын айт, / Көр оозунда турасың, / Ушунчаңда кайра кайт! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ысык күндө кечке жол жүрүп, арып-ачып келгенге карабастан, Беккул экөөбүз шаарга салып барып, түн кир-генче бир топ жерин кыдырып кайттык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Бул жерге келген кайтып кетчү эмес. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →