кайса
- Кыйрата чабуу, жок кылуу, талкалоо, жайлап салуу.
- Аймап-жаймап жиберүү, жеп коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качырганын кайсаган, / Камандан качып калбаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сууту канган абдан, / Жүгүрсө буга үн жетпей, / Өзү чалыш макмал жүн, / Басканына жел жетпей, / Оозуна бала ээ болбой, / Ойноп турат кайсаңдап, / Текечинин темир көк, / Койкоңбайдын Койчабдар, / Сугатчынын Карасур, / Жыгашчынын Көкала, / Жылтыркандын Торала, / Тымызындын Сарала, / Чоң вазирдин атактуу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чынкожону жалмады, / Хан Толтойду кайсады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ “Бирден болсо найза, — деп, / Бирөө эмес төрт болсо, / Айткан экен түп атам, / Албарс менен кайса” – деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Карындан башкасын тез кайсап жибердим да карап калдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →