кайры1

китептерде 130 жолу, 10 китепте
  1. Бара жаткан багытынан имерип келүү, айдап келүү.
  2. Үзүү, толгой кармап, имерил, үзүп алуу.
  3. Толгоп жиберүү, имерүү.
  4. Бир нерсенин учун, четин имерип коюу, ичин же сыртын карай ийирүү, бүктөө же жапыруу.
  5. Кайра кайтарып берүү.
  6. Обондун, күүнүн белгилүү бөлүгүн кайталап аткаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргызга келген кайрыгер, / Ким болосуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз жеримде элимде, / Өчүгүшүп көрөйүн, / Өзгөчө көңүл бөлөйүн, / Өлүм келсе качпастан, / Кайрылбас жайга жөнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Деп ушинтип Кутургур, / Бучкакка атты бир койуп, / Жүрүп кетти кайрылбай, / Теңдиктин жолу ушундай, / Сейтек калды кайгырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Жакшы кеспесинчи анан, атаңдын көрүлөрдүн жөн эле көздөрүн өлүп алайын,— деди кетип баратып, кайрылып бизге карап. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кан элге дагы кайрылат: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →