кайра1

китептерде 1176 жолу, 10 китепте кайра 2 →
  1. Дагы, кайта, экинчи ирет, дагы кайталап, дагы бир нече жолу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара сакал хан Жанай, / Кайраты бар эр экен, / Касиеттүү неме экен, / Ал сапар барган моңгулду, / Талап алган кеп экен, / Кеңешип инген моңгулу, / Бизди Жанай чапты деп, / Коктукатка Курчунга, / Кабар кылган кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндүн далысы, / Кечирлери кесилди, / Кулгуна болуп ириңдеп, / Бүткөн бойу тешилди, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Бүгүн кайра жеткизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Падыша кыз кайрадан күрөшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →