кайни
- Күйөөсүнүн иниси же күйөөсүнө инилик жакындыгы бар адам (аялына карата), аялынын иниси же аялына инилик жакындыгы бар адам (күйөөсүнө карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кой, Медеркан, койгун, деп, / Мөңкөтай кайним, саа айтам, / Жакшы менен жамандын, / Пайда менен залалдын, / Баркын айрып билбеген, / Сен экөөңө тең айтам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…йдү сайып алды деп, / Калчанын ханы Шоорукка, / Азапты катуу салды, деп, / Ордосунда кырк кызды, / Олжо катын кылды, деп, / Баш көтөргөн турбайбы, / Ушул Манас кайниң, деп; / Теңтуш киши кептенип, / Атайын элчи жиберүү, / Ал болбосо кайсы кеп?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
калыптыр, / Казабына алыптыр, / Карманап менен Карадөө, / Катар сайып салыптыр, / Ошол кезде Кардыгач, / Төбөсүнө түйгөн чач, / “Карманап башын кесет, -деп, / Кайнимдин канын ичет» — деп, / Мингизип берген бай Жакып, / Жалманкөк деген ат эле, / Камчыга бөлөп көк атты, / Кардыгач барып тийди эле, / Каңгырап каапыр турганда, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алыке менен Сатыке, / Экөөң менин кайнимсиң, / Айдап келгин нарды, — деп, / Ал кыркын Чүрөк карматты, / Өзү тиккен ак үйдүн, / Тутууларын бүктөттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак-эки шер, / Кайним Сыргак кеменгер, / Жездем баатыр эр Көкчө, / Тилдүүдөн чечен Ажыбай, / Шейит кеткен арстандар, / Бүгүн мага жардам бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →