кайна

китептерде 143 жолу, 10 китепте
  1. Кайноо температурасына жетип ысуу аркылуу боркулдаган, шарактаган абалда болуу.
  2. Ачыганда, ачып күчүнө киргенде көбүрүпжабырып, көтөрүлүп туруу.
  3. Абдан ысык болуу, ысып кетүү.
  4. Катуу кызыган, күчөгөн абалга келүү, күч алуу, бака-шака түшүү.
  5. Аябай көп болуу, жык-жыйма, кыжы-кыйма болуп туруу.
  6. Кыжыры, жини, ачуусу ж.б. аябай келип, токтоно албай буулуккан, туталанган абалда болуу.
  7. Ташкындоо, толуу, күч алуу, көбөйүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…нына, / Найзаны күүлөп сундуруп, / Качырып кирди чамына, / Кудай бетин салбасын, / Таңгуттар чыдап тура албай, / Чакмакташтын каарына, / Казан асса бороктоп, / Кайначудай көрүнөт, / Көзүнөн чыккан жалынга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачып көздү жумгунча, / Айта-буйта кылгынча, / Тарашанын кырына, / Чыгып барды чунагың, / Чай кайнатым убакта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Отту чындап жактырып, / Отту чындап жакканда, / Ошондо казан кайнады, / Бала жолборс Семетей, / Кайнаганын байкады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →