кайда

китептерде 618 жолу, 10 китепте
  1. Нерсенин турган ордун, жайын, кайсы жерде экенин ж.б. аныктоо, суроо үчүн колдонулат.
  2. Бет алган жакты, бара турган багытты, жерди ж.б. суроо үчүн колдонулат.
  3. Болууга мүмкүн эместикти, жок экендикти билдирген терс мааниде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыт калдык кеп баштап: / «Уйалба Курчун деп баштап, / Кыргыз деген эл экен, / Аба ачык, суу тунук, / Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, / Тили тактын бири экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеңгиреп ыйлап ар кайда, / Чогулуп өлүп алалбай, / Казып жерге кире албай, / Өлөйүн десе жан таттуу, / Кирейин десе жер катуу, / Ыйлабаса мал таттуу, / Таттуу эмей неткени, / Көрүшпөгөн көрүшсө, / Аманбы деп мал-жаның, / Мурун айтып мал жагын, / Ал сураша кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чакырып келип Сынчыны: / — Калк башкарган сен, — деди, / Кана, кайда ат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайытта уйдун богунан, / Томолоктоп кургатып, / Кылга тизип тагынат, / Ошентип жүрүп ар кайда, / Көрүнүп элге далайга, / Түбү жок зандим бир жерге, / Түшүп өлдү жеркуйга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Үйүң кайда? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →