казы2

китептерде 65 жолу, 10 китепте казы 1 →
  1. Казатка катышкан адам.
  2. Мусулман башкаруучуларынын казатта (газавата) эрдик иштери үчүн алган ардактуу титулу.
  3. Сурак жүргүзүүчү адам – сот.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колумдан келип турганда, / Чубактан калган чунак деп, / Казы кесип жегиздим, / Жетимдигиң билгизип, / Качан башка дегиздим?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Суур казган ийин жок, / Буурусун чийген чийин жок, / Кыйан жеген кемер жок, / Жер казыгы теги жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жүз камчыласа чым этпеген, казысы көнөчөктөй бир кашка айгыры болучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Казы бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың кылышып шермендеси чыкты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →