казат
- Согуш, уруш, кандуу майдан.
- тар. дин. Мусулмандардын башка диндеги элдерге (капырларга) каршы жүргүзгөн ыйык согушу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Багдатка Шермат каз экен, / Багдатта аскер ас экен, / Багдатты барып алам деп, / Шермат хан казат кылыптыр, / Падыша жок Багдатта, / Баш көтөртпөй кырыптыр, / Багдаттка Иран кошулуп, / Шаарды бербей туруптур, / Шерматтын кызын сен алсаң, / Багдатты кошуп су…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Казатка барып окто өлбөй, / Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, / Душман эмес өзү өлсө, / Карапайым киши эмес, / Катардагы хан өлсө, / Ишибиз биздин оңбостур, / Кабыбыз кийин толбостур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куулдаган ылаачын- / Чоң казатка барганда, / Көк күлдү кыштап калганда, / Олуйа Кошой эрмекке, / Өрдөккө салган куу кумпай, / Кыпылдаган карчыга, / Алп Төштүк салган кыргоолго, / Кастарлаган к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Атасы Кошой олуйа, / Казатта жүрүп куш салган, / Кобурлуу көнгөн киши эле, / Атадан алып көп үлгү, / Канаттуунун Жалгызек, / Таанып билген иш эле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жоготкон жогу шумкары, / Жоого минген тулпары, / Качырганы шумкары, / Казатка минген тулпары, / Айдаганы он төрт ат, / Арка кылган бир Буурул, / Ишенгени эки уул, / Издегени Акшумкар, / Асынганы Аккелте, / Эңсегени Айчүрөк, / Жоболоң тар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →