кажа
- Кемирүү, мүлжүү.
- Катуу нерсе өйкөп салуу, сүрүп жоорутуу.
- өт. Жемеге алуу, тилдөө, какмалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Терилери тилинип / Кабыргасы каркактап, / Сойулуп түшүп жүн калбай, / Шыйрактары тартактап, / Жердин тартып танабын, / Баштагыдай жүрө албай, / Көөдөндү жайып алчактап, / Кычышканга чыдабай, / Капталын кажап кылчактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атты Тору ат кажады, / Ырп этер чама калбады, / Сөөктөрү көрүндү, / Эттери эчен бөлүндү, / Таштап койду Тору ат, / Болгонунда өлүмчө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ойунда Отор ушундай: / “Каржиликтен кажасам, / Карчытына катыра, / Камтый белден кармасам, / Элетпей туруп бурутту, / Как дөбөгө барбасам, / Капташтырып корумга, / Чалкасынан салбасам, / Амалы кетет абыд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алты күнү жол бастым, / Дайра кечтим, бел аштым, / Кажалып кектүү санаага, / Чоң Туңшага баргамын, / Ай тийгендей жарк этип, / Ачылсын кайдан кабагым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →