кадыр2

китептерде 77 жолу, 8 китепте кадыр 1 →
  1. Алданын эпитет ысымдарынын бири. Адатта. «Алда» менен кошо айтылып, мыкты сапаттарынын бирин – кудуреттүү, күчтүүлүгүн туюнтат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Канча өлсө кара аскер, / Кадыры анын анча эмес, / Ханы өлүп эл калса, / Акылын табыш кыйын кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай Кыргыл чал, / Кадыр, Түмөн, Шуутулар, / Кыраан Чубак, кырк арстан, / Из кубалап бараткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кадыр алла кудайдын, / Жазганына көнөрмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошондуктан булардын көпчүлүккө кошулуп, согушка кириши — чын дили менен кириши эмес, анчейин гана калың элге кадырымды сактап калайын деген ой менен, жүзүн саткандык болуп көрүндү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Туура жүрүп, кадыр-баркы артып, атак-даңкы чыгып, токойдогу бүткүл жан-жаныбар, канаттууларга угулат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →