кадик1
- Алдамчы, митаам.
- өт. Шек, күмөн, чочулаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анча-мынча кишини, / Кадигине алчу эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кангайдыга хан Чиктей, / Кадигине албаптыр, / Атайлап издеп барбаптыр, / Жаның калып жай алып, / Балжууран, ышкын терип жеп, / Курсагың тойуп жал алып, / Кайта барып уурданып, / Хан Чиктейди алыпсың, / Уктап жатса өлтүрүп, / Жеңдимдеп элге барыпсың, / Уктабай басып турганда, / Кантип алың келалсын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тазкарадан кеп угуп, / Жаның сойот, деп угуп, / Желдетке эртең барам, деп / Жанына жакын ыктайлуу, / Чоңдорун алды чогултуп, / Калдаңдап желдет оолугуп, / Ханына чуркап жетиптир, / Мындай айтып кетиптир: / — Кадигине албады, / Эртең барам мен деди, / Кайта барып ханыңа, / Айтып койгун сен деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бендеби — деп, — бейлебей, / Аны мен кадигиме алгам жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кара көк эмей неткени, / Карсылдашкан жоо турса, / Кадигине албастан, / Камыкпай уктап кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →