кадек
- эск. Жибек кездеменин бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эр Гүлүстөн турбады, / Айылды карай жылганы, / Сыркоргонго бурулуп, / Топосунан коргондун, / Ак кадеге буулуп, / Торсолдойдун үйүнө, / Жакын келип калганы, / Торсолдой уул келини, / Уктабай таңды алганы, / Жыла басып Гүлүстөн, / Эшиктен кирип келгенде, / Акмаңда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сүтбоздун тарап кыл жалын, / Сүмбөлөп ичин жышкуурлап, / Артынан тартып ак кадек, / Кир жукпай калган мезгилде, / Өлчөлүү дары күпсөрдө, / Кур дедире куйду эле, / Аркасына сүмбөнү, / Майлык менен урду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кулач карыш узарган, / Айнектин оозу кирдейт деп, / Алыскы жерге жүрбөйт деп, / Ак кадеге орогон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →