када1

китептерде 85 жолу, 9 китепте када 2 →
  1. диал. Тирөөч, түркүк.
  2. Үйрөтүлгөн алгыр куштарды (кыргый, чүйлү, ителги ж.б.) кондуруучу туур.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Өлөт экен Бекбача, / Кыргыз эсин жыйгыча, / Биз баралы тебелеп” / Деп ойлошуп алышты, / Усун менен маңгыттар, / Чогулуша барышты, / Беш миңчелик кол менен, / Таласка келип калышты, / Кадалуу хандар келгенсип, / Арага элчи салышты, / Элчи келген кезекте, / Эл аралап Бекбача, / Атка минип калышы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Темирбек өлдү көрдүңөр, / Болбой калган жерим ал, / Бир капталым бек ооруйт, / Аңтара сайды кан ичме, / Как өпкөмө кабыргам, / Кадалып калган чени бар... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он алты күн толгунча, / Ороодой көзү олойду, / Конжурга сөөгү коройду, / Кабыргасы саналды, / Күнгө катып төө тери, / Сөөгүнө барып кадалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кадамы катат эмеспи, / Кандай адам катылса? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →