кабык1
- Нерсенин сыртын каптап турган катмары (мис. теректин, буурчактын, дандын ж.б.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мергенге тандап аттырып, / Чылгый тери жагында, / Аки берип ийлетип, / Алтымыштай балбанга / Анжийанга киргизип, / Алма кабык алдырып, / Жайы-кышы малмага, / Жеткилең абдан салдырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жараганы кабыктай, / Жалдын үстү жабыктай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
- Бул алманы алып барып, кечке маал тышкы кабыгын аарчып кара бээге бер, алманы тең жарып, байбичең экөөн бөлүп же.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Дал ошол жерден жыландын сыйрылып калган кабыгын көрдү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
"Колумдагы асыл таштын күчү канчалык экен, ушуну бир сынап көрөйүнчү", – деп бала колундагы көк жашыл ташты жыландын кабыгына тийгизди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →