кабы
- Ичине жүн, кебез салынган сырт кийимдерди, жууркан-төшөктү ж.б. бардык катмарын бириктире көктөп тигүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…чапса таш кескен, / Көөдөнгө чапса баш кескен, / Каарданып хан Калдык, / «Такырбашты» кетирбей, / Таарый чапсам экен, деп, / Кармай алды сабынан, / Тартып алды кабынан, / Такыр баш болгон энебиз, / Сымаптан бетер жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жойкумасын эр Сыргак, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Бир булгалап ийгенде, / Чириген танап эмече, / Быдырап баары сөгүлдү, / Торлору бир жүз сексенче.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жазылыгы төш жары, / Жалаң болот испанды, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Мойунга тартып жиберип, / Оң колун тартып алганда, / Сол колу жетти кулакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Карчыга чалды эмне үчүн чакыртканын билип, көздүн кабыгынан тигилген баштык берип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →