каары
- Ысытылган темир менен күйгүзүү, куйкалоо.
- Аябай тызылдатып үшүтүү же ысытуу.
- Жемелөө, жекирүү. Жекирип урушуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…рып бутун байланды, / Канжыгага жанына, / Найзаны күүлөп сундуруп, / Качырып кирди чамына, / Кудай бетин салбасын, / Таңгуттар чыдап тура албай, / Чакмакташтын каарына, / Казан асса бороктоп, / Кайначудай көрүнөт, / Көзүнөн чыккан жалынга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көргөнү жок үн укту, / Кара бойун чыйратса, / Чигитейден сүр чыкты, / Качырып тийген Отордун, / Каары менен найзасы, / Кара ташка батычу, / Кумдай тозуп жатычу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененимдин каарына, / Булар кантип чыдасын, / Айтты кептин ырасын, / Кош колдоп суна беришти, / Дабытайдын кагазын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен күмүштү, / Казып жаткан эл ошо; / Каарына алса чоң Туңша, / Каптап келээр сел ошо; / Катар-катар тамы бар, / Сейрек тарткан багы бар, / Жон атагын Бейжин дейт, / Кантун деген жер ошо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жетелеп элден чыгарып, / Буруул менен бурулуп, / Муңайып өңү бузулуп: / “Баласы Сартбай турмайлык, / Атасы Сайып алганым, / Каарым менен качырып, / Учурайын арбагын, / Манастап ураан чакырып” / Камбыл тууган абакең, / Катуу тийди жапырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →